Кара-Кулжа районунан 70 чакырым алыстагы Мактанай жайлоосуна ууга чыгып кеткен аңчылар кайтып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Канболот Тутуев билдирди.
"Кара-Кулжа айыл өкмөтүнөн 5 адам аңчылыкка кетип көп убакыт жок болгондуктан, жакын туугандары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылышкан. Аталган кызмат картаны карап, куткаруу аракетин көрүүнү пландап жаткан. Жайлоого кар калың жаап салган. Ал жакка жетүү үчүн ат менен 5 күн жол жүрүүгө туура келет. Атайын карда жүрүүчү чана менен да жетүү мүмкүн эмес, анткени жайлоонун жолдору тегиз эмес. Мындан улам тик учак менен издөө пландалып жаткан болчу, бирок аңчылар 27-ноябрда түнкү саат 23:00 чамасында өздөрү кайтып келишти", - деп билдирди Тутуев.
Маалыматка ылайык, жайлоого кеткен 5 адам 6-ноябрь күнү айылдан чыгып кеткен эле.
"Ууга чыккандар жетиштүү азыктар менен кетишкен экен. Алар Мактанай жайлоосунда мал сарайда түнөп жүрүшүптүр. Баарынын абалдары жакшы", - деп кошумчалады райондун аппарат башчысы.