"Айылдарда ата-энелер айына 4 миң сом төлөй албагандыктан, балдарын жеке бала бакчага киргизишпейт" дейт депутат

Айылдарда ата-энелер балдарын жеке бала бакчаларга киргизе алышпайт, анткени айына 3-4 миң сом төлөө керек. Мындай пикирин бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Айбек Алтынбеков билдирди.

Анын айтымында, аймактарда ата-энелер баланын тамак-ашына 1 миң сом төлөй алышат. "Жеке бала бакчада отунга, электр энергияга, тарбиялоочулардын айлыгына каражат керек. Борбор калаада ата-энелер бул чыгашаларды төлөп бере алышса, айылдарда мындай эмес. Мамлекет буга көңүл буруп, колдоо көрсөтүшү керек", - деди депутат.

Мындан тышкары ал билим берүү министри аймактардагы мектептерге барып, абалы менен таанышып чыгуусу зарыл экенин баса белгиледи. Өкмөттүн өкүлү 2017-жылдын 1-январынан тарта билим берүү министри орун басарлары менен аймактарга чыгууну пландаганын билдирди.

"Жеке бала бакчалар салыктан бошотулгандан бери 200дөй жаңы жеке бала бакча ачылган. Мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралып жатат. Бул маселе өкмөттүн көзөмөлүндө", - деп жооп берди чиновник.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ularik_kg
2016-11-28 13:00:16
Селер ошол кара пайым элге иш тап айына 7 айлык толоп бергиле кийин аларда 4000 Минден качпай аларда жеке бала бакчага киргиси келет ар бир ата эне оз баласыга шарт тузуп бергиси келет. Бардык жокко ОКМОТ кунолу
+2
Kroxa
2016-11-28 13:05:53
Бизде 5000сом жеке бала бакча..базарда иштегендер беришет а иши жоктор бере албай журушот,окмоттун бакчасы деле очиредке тур орун жок дейт 5 же 10мин сунуштасан орун таап берет бат эле..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан