Шайлоого карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет

Шайлоого карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо учурундагы мыйзам бузууларды иликтөөчү атайын тергөө тобу түзүлгөн.

"8-декабрдан 12-декабрга чейин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет. Ал күндөрү бардык шайлоо тилкелеринде кызматкерлер күзөттө турушат. Ошону менен бирге эле шайлоочулардын добушун сатып алуу да катуу көзөмөлгө алынат. Андан сырткары коомдук тартипти бузууга аракет кылгандарга да катуу чара көрүлөт", - дейт Нурлан Утемисов.

Айта кетсек, 11-декабрь күнү өлкө аймагында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан