ЭЛДИК КАБАР: "Баткенде трансформатор талапка ылайык коюлбай турат" дейт окурман

Баткен шаарында трансформатордун талапка ылайык коюлбаганы тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 28-ноябрда кабарлады.

"Аталган трансформатор Баткен шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан. Эмне үчүн талапка ылайык айланасын тосушпайт? Бул кооптуу эмеспи?" - деген суроо салган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_I
2016-11-28 15:36:18
:) элдик кабар менен ушундай майда иштер да аткарыла баштады. 1 жумада айланасы тосулат Кудай буйруса .
+1
Nuura-shirin
2016-11-28 16:09:37
Кана Эми ошондой болсо оозуна май, 7-8 жыл болду ресте акча жок, мэря акча болсо деп тосушпайт экен. Эн жакын уй менен болгон аралыгы 10 метрге жакын абдан кооптуу эле.
-1
aash
2016-11-28 20:19:45
Nuura-shirin,Трансформаторду коруу рэс тин жумушу, жоопкерчиликсиздик кылышкан экен. Бирок, биз мында корунушту кошуналар болуп чогулуп жыгачтан(штакетник)жасап коруп койгонбуз, мунжу же жарды болуп калган жокбуз. Корукту камдап рэс ти чакырсанар орнотуп берээр. Корулбаса бироо кырсыктайт. Жан озубузго керек, окмот же рэс ке эмес.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан