Айнура Өмүрбекова шаарыбыздагы №8-поликлиникада врач-гинеколог болуп эмгектенет. Анын айтымында, азыр бул кесипте өзүнүн ишине чындап берилген энтузиасттер гана калып, маянасынын аздыгына кайыл болуп иштеп жатышат. Атак-даңк, материалдык байгерчилик деген түшүнүктөрдөн алыс. Бар тапкан байлыгы – адамдардын саламаттыгы.
- Айнура, эмне үчүн дарыгерлик кесипти депутаттык креслого алмаштырууну чечтиңиз?
- Кечиресиз, сурооңуз бир аз орунсуз болуп калды. Эч нерсени алмаштырайын деген ниетим жок. Мурдагы иштеген жеримде, ошол эле кабинетимде катардагы дарыгер катары кала берем, мага башка эч бир кызматтын, чиндин кереги жок. Медициналык академияны аяктагандан бери бир жерден жылбай 14 жыл иштедим. Убакыттын өтүшү менен жумушта устат катары, ал эми турмушта болсо өз көз карашы бар инсан катары калыптандым. Тажрыйбам, мартабам артты. Ушул курагымда мен өзүмдүн өлкөмө, шаарыма пайдалуу бир нерсе жасай алам деген ойдомун.
- Бирок депутаттыкка баратасыз да?..
- Мен кесибимди алмаштырбайм, депуттаттыкка болсо өзүм иштеген тармактагы абалды өзгөртүү үчүн баратам. Менин атам Талантбек Өмүрбеков 3-балдар ооруканасынын башкы врачы болуп эмгектенип, катары менен шаардык кеңештин төрт жолку чакырылышына депутат болгон. Ал шаардык кеңешке саясий карьера жасоо үчүн барган эмес. Шаар тургундары сапаттуу дарыланууга, ал эми дарыгерлердин сапаттуу дарылоого мүмкүнчүлүгү болсо экен деп барган. Жаш дарыгерлерди колдоо программасында жана шаардык медициналык мекемелерге жабдыктарды сатып алууда анын эмгеги чоң. Депутаттыкка мен атамдын ордун басып, ишин улантуу үчүн баратам.
- Эгер депутат болуп калсаңыз, ишти эмнеден баштайсыз?
- Албетте, дарыгерлер менен бейтаптардын кызыкчылыгын коргоодон баштаймын. Анткени мен бул тармакта түзүлгөн оор жагдайларды ичинен билип, аны чечүү жолдорун да көрүп турам. Бүгүн бейтаптар эле эмес, дарыгерлер дагы коргоого муктаж. Алсак, башканын өмүрүнө арачы болгон адис дарыгерлер юридикалык жактан өзүн коргой алышпайт. Жеке турмушунда социалдык коргоого муктаж. Чынында, эртедир-кечтир баарыбыздын ооруканага күнүбүз түшпөй койбойт. А ооруканаларыбызда болсо көйгөй толтура. Шаардык кеңеште ошол көйгөйдүн жок дегенде бир-экөөсүн чече алсам, канчалаган адамдарга пайдасы тиерин билем. Анан дагы аялдар маселеси менен алектенем.
- Эмне себептен СДПКны тандадыңыз?
- Анткени СДПК тажрыйбасы көп, өлкөбүздө туруктуулуктун орношуна салым кошкон партия. Атам да СДПКнын мүчөсү болгондуктан, мен анын жолун жолдоп ушул партияны тандадым.
Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 28-ноябрь.