Кыргыз Республикасы менен Кытайдын чек арасына жакын жерде жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 11:46 чамасында болгон. Анын күчү 4 баллга жетип, очогу Нура айылынан 33 чакырым түштүк-чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 62 чакырым түштүк-чыгышта жана Ош шаарынан 165 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү Нура айылында 2,5 баллга сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор жок.