15-16-апрель күндөрү Ош шаарында, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын сотторунун аппарат кызматкерлерине 2 күндүк семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты - соттордун аппаратында иштеген кызматкерлерди сот тармагындагы жаӊы эрежелер, иш кагаздарын жүргүзүү жана архивдик өндүрүштүн талаптары менен тааныштыруу болду. Мындан тышкары, семинарда аппарат кызматкерлеринин этикалык байланыш ченемдери жана жүрүм-турум эрежелери кеӊири талкууланды. Бардыгы болуп иш-чарага республикадагы соттордун 85 кеӊсе башчылары жана аталган тармак боюнча архив кызматкерлери катышты. Семинар Жогорку Сот жана эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомунун “Борбор Азиядагы өлкөлөргө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү” программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.