Бүгүн Баткен облусунун Миң-Өрүк айылында тажик-кыргыз чек арасында ок атылганын жергиликтүү тургундар SUPER.KG порталына кабарлашкан. Чек ара кызматы ок эскертүү иретинде атылганын билдирди.
"Болжол менен саат 8:25те кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган тилкеге Тажикстандын аскерлери кирип келип, 3 жолу эскертүү огун негизсиз чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары да аларга жооп кайтаруу максатында асманга ок атышкан. Жаңжалдан эки тараптан тең жаракат алгандар болгон эмес", - деп билдиришти Чек ара кызматы.
Андан соң эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, кыргыз тарап тажикстандык аскерлер мындай
иш-аракеттерди кылбашы керектигин эскерткен.
"Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең бул окуяны иликтеп чыкмай болушту. Мындан сырткары Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары бул такталбаган тилкеге 50 метр жетпей, мурунку маршрут менен кайтарууну улантышат. Ал эми тажик чек арачылары белгиленген тилкеден 100 метр алыстыкта жүрүшөт", - деп кошумчалашты басма сөз кызматы.
Учурда Баткен облусунун Миң-Өрүк айылында абал тынч.