Чиновниктин Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасын парламенттик комитеттен жогору эсептегени депутатты капа кылды

Депутат Садык Шер-Нияз чиновниктердин депутаттардын каттарына биринчи кезекте жооп бербегени үчүн нааразы болду. Мындай талабын ал бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда айтты.

Комитеттин отурумунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин ишмердигин иликтөө боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы каралууда. Анын жүрүшүндө топтун төрагасы Рыскелди Момбеков аталган департаментке бир нече жолу кат жөнөткөнүн айтып, бирок жооп ала албаганын маалымдады.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Гориндин айтымында, быйыл 10 айдын ичинде Башкы прокуратура, Эсептөө палатасы тарабынан 20дан ашуун текшерүүлөр жүргүзүлгөндүктөн, жооп берүүгө убакыт болгон жок. "Жумушчу топтун төрагасы жөнөткөн суроого жооп берүү көп убакыт талап кылганы үчүн мөөнөттү узарткан болушубуз мүмкүн. Келген каттарды текшерип чыгып, так жооп берейин", - деди Горин.

Чиновниктин мындай жообу депутат Садык Шер-Ниязды канааттандырган жок. "Парламенттик комитеттин депутатынын катына жооп бербөө - бул шалаакылык же жооп берүүдөн баш тартуу. Министрге муну айтышыбыз керек. Бир жыл чогуу иштеп жатабыз. Жемиштүү иштешебиз деген үмүттө элек. Сиз өз ыктыярыңыз менен жооп берүүгө мөөнөттү узарта албайсыз. Эгер узарткыңыз келсе, депутатка алдын ала айтышыңыз керек болчу. Мен Башкы прокуратурада же Эсептөө палатасында иштебейм. Мен парламенттик комитет аттуу конституциялык органдын мүчөсүмүн. Силер биринчи кезекте бизге жооп беришиңер керек", - деди Садык Шер-Нияз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан