Парламенттин Бюджет жана финансы комитети 28-ноябрда "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 2017-жылкы республикалык бюджетинин жалпы кирешеси 126 миллиард 828 миллион 600 миң сом өлчөмүндө каралууда, бул 2016-жылкы бюджеттен 2 миллиард 428 миллион 900 миң сомго көп. Ал эми 2018-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 129 миллиард 769 миллион 100 миң сомду, 2019-жылы 138 миллиард 188 миллион 300 миң сомду түзөрү пландалууда. Бюджеттин жалпы чыгашасы 2017-жылга 150 миллиард 150 миллион 500 миң сом өлчөмүндө каралууда. 2017-жылга республикалык бюджеттин дефицити 23 миллиард 321 миллион 900 миң сомду түзөт.
Мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралат.