Депутат анын классташы сапатсыз дары-дармектен улам каза болгонун айтып берди

Бүгүн, 28-ноябрда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин ишмердигин иликтөө боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы каралууда.

Анын жүрүшүндө депутат Айсулуу Мамашева анын классташы сапатсыз дары-дармектен улам каза болгонун айтып берди. Андан соң депутат аталган департаменттин башчысы Рустам Курмановго кайрылып, аны катуу сынга алды. "Сиз 10 жыл департаментти башкарып отурасыз, бир нече министр менен иштедиңиз. Жумушчу топтун маалыматы боюнча, өлкөгө кирген дары-дармектин 70 пайызы экспертизадан өтпөйт экен. Сапатсыз дары-дармектен улам жарандарыбыз каза болууда. Жакында менин классташым каза болгон. Ар бир жаран төрөлгөндөн баштап дары-дармектерди колдонот. Демек, баарыбыздын саламаттыгыбыз сиздин колуңузда. Дары-дармектерди текшербей коюп, сиз жарандарды өлтүрүп жатасыз", - деди Курмановго Мамашева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан