Кара-Суу районунун Таш-Арык айылынын эли 60 жылдан бери каналдан суу ичет

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагындагы Таш-Арык айылынын эли 60 жылдан бери каналдан суу ичет. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы Мурадыл Матраимов билдирди.

"Айыл түптөлгөндөн бери эл каналдан суу ичип келет. Калктын таза суу көйгөйүн чечүү аракетин кылып жатабыз. Бүгүнкү күндө 1160 метр жер казылып, түтүк орнотулган. Бул айылга 3 чакырым аралыктан суу алынып келинет. Учурда кар жаагандан улам жумуш токтоп калды. Айыл эли өздөрү акча чогултуп, каржылап жатат. Жаз алды менен калкты таза суу менен камсыздоо аракетин көрөбүз", - деди Матраимов.

Айыл аймак башчысынын маалыматына ылайык, аталган айылда 420 кожолук эл жашайт. Таза суу түтүгү тартылып бүтсө, калктын 100 пайызы таза суу менен камсыздалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kyrgyz-aiym
2016-11-28 23:22:40
Тездетип таза суу чыгарса жакшы болот эле айылыма
+1
jake.402
2016-11-29 12:19:52
Таш-Арык айылы менен Жаны-Арык айылынын ортосунда Ташкоргон айылы бар, ал айылда да таза суу койгойуу чечиле элек, Таш-Арык айылындай эле. Кышында Отуз-Адыр каналында суу токтогону жаман да, эл сууну чакалап сатып алганы.
0
Bayjigit83
2016-11-29 16:47:32
Сабыр кылыныздар жердештер!
Буюрса аз калды,таза суу да болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан