АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга айыпталып жаткан Жохар Царнаев бүгүн, 22-апрелде эсине келип, сурала баштады. Бирок ал сүйлөй албагандыгына байланыштуу жазуу аркылуу көрсөтмө берүүдө. Айта кетсек, 15-апрелде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган деп шектелип, Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң милиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Учурда тергөөчүлөр Царнаевдер менен дагы кайсы террор кыймылынын мүчөлөрү байланышта болгонун тактап жатат. Айта кетсек, Тамерлан Царнаев 1986-жылы Чеченстанда, Жохар Царнаев 1993-жылы Кыргызстанда төрөлгөн. Алар 2001-жылга чейин Кыргызстанда жашап, андан соң Түркияга, 2003-жылдан кийин АКШга көчүп кетишкени белгилүү болду.