Мындан 73 жыл мурун, 1943-жылы ири мамлекеттердин өлкө башчыларынын (СССР – Иосиф Сталин, АКШ – Франклин Рузвельт жана Улуу Британия – Уинстон Черчилль) катышуусунда Тегеран конференциясы башталган. Бул конференция нейтралдуу аймакта өтүшү керек болгон. Ал үчүн Тегерандан сырткары Каир, Стамбул жана Багдад шаарлары сунушталган, бирок Сталин учак менен учууга караманча каршы болуп, Тегеранга токтолгон. Ошентип, Сталин конференцияга катышуу үчүн 22-ноябрда поезд менен жолго чыккан.
Конференцияны өткөрүү максаты гитлердик Германияга жана анын союздаштарына каршы күрөшүү стратегиясын иштеп чыгуу болгон. Жыйын өтүп жатканда Ирандын Тегеран шаарындагы бардык маалымат каражаттарынын иши токтотулуп, телефон, телеграф жана радио байланыштары өчүрүлгөн. Конференция аяктаганда 1-декабрда Германияга каршы согушта биргелешип аракеттенүү жана согуш бүткөндөн кийинки кызматташтык жөнүндө декларация кабыл алынган. Ошондой эле 1944-жылы май айында Европада Экинчи фронтту ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлган.
28-ноябрга карата жылнаама.