Бишкек шаарынын Токтогул-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 1000 чарчы метр аянтка сквер курулат

Бишкек шаарынын Токтогул-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 1000 чарчы метр аянтка сквер курулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" ишканасынын адиси Токтобек Абдыкеримов билдирди.

"Шаардын көркүн арттыруу максатында иш-аракеттерди көрүп жатабыз. Советтер Союзу учурунда 1982-жылы курулган фонтан кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Айланасы түнкүсүн заманбап чырактар менен жарыктандырылат. Эс алуучулар үчүн отургучтар коюлуп, шарттар түзүлөт. Бүгүнкү күндө сквердин айланасында ондон ашуун дарактар тамыры менен алынып жатат", - деп билдирди Абдыкеримов.

Учурда дарактардан, эски асфальттын үстүнкү кабатынан арылуу иштери башталып, жаз алды менен толук кандуу жумуш башталарын кошумчалады адис. Жашоочулар үчүн эс алуучу жай 2017-жылдан тарта иштеп баштамакчы.

Токтобек Абдыкеримовдун маалыматына ылайык, 2017-жылы Чүй-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишине, Туңгуч кичи районуна да скверлер курулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Seryi-Kardinal
2016-11-28 18:34:22
Жакшы жаңылык
+2
sirgak_92
2016-11-28 18:44:24
Сквер эмне эле
+1
MAN-CITY
2016-11-28 18:51:45
sirgak_92,Сейил бак
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан