Кадамжайда 19 жаштагы балага бычак такап, уюлдук телефонун алып койгондор кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 18-ноябрь күнү Үч-Коргон айылында жайгашкан май коюучу жайлардын биринин алдында болгон.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Кадамжай РИИБинин кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары Араван районунун 19, 20, 21 жаштагы тургундары кармалышты. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.