23-24-апрель күндөрү "Ош-3" көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери болот. Буга байланыштуу Ош шаарынын Мирная, Тоголок Молдо, Калинин, Мамыров, Низами, Алиев, Молдониязов, Ломоносов, Курманжан датка, Асранкулов, Училищная, Полевая, Абдыкадыров жана башка көчөлөрүндө электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурайт. Тактап айтканда, бул күндөрү саат 8:00дөн 17:00гө чейин аталган көчөлөрдө электр жарыгы болбойт.
Ал эми "Алга" көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 23-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Кадамжай районунун Кан, Кыргыз-Кыштак, Бүргөндү айыл өкмөттөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт.