Жайыл районунда жолго төгүлгөн 7-8 тонна керосиндин жер кыртышын бузганы аныкталды

Чүй облусунун Жайыл районунда май ташыган унаанын арабасы ажырап кетип, 7-8 тонна керосин жолго жана Абла суусуна төгүлгөн. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция мунун кесепетинен жер кыртышынын бузулгандыгын аныктады.

Инспекциядан кабарлашкандай, ДАФ унаасынын (мамлекеттик номуру №32-57SC) катышуусундагы кырсыкта 78 чарчы метр жер кыртышы бузулган. Натыйжада тиешелүү кызматкерлер протокол толтуруп, административдик айып жана доо коюшкан. "Салынган айып пул Мамлекеттик экотехинспекция тарабынан толугу менен өндүрүлдү. Авиакеросиндин Кара-Балта суусуна кошулуусу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, натыйжада керосин Кара-Балта суусуна кошулбагандыгы аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TEH
2016-11-28 18:25:50
Эми ошол акча менен жерди калыбына келтире аласынарбы?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан