Ош шаарында каракчылык фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 25-ноябрь күнү болгон. Анда белгисиз жаран 59 жаштагы А.Ынын үйүнө кирип, бычак менен коркуткан. Кийин аны мык сууругуч менен башка чаап, үйүндөгү 110 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кеткен.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 41 жаштагы М.Р. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти ИИМден.