Бүгүн, 28-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсү бир да медалга ээ болгон жок. Ошол эле маалда коңшу Казакстан 17, Өзбекстан 13, Тажикстан 1 медаль алууга жетишти. Албетте, өкүнүчтүү. Оюндардан кийин спортчуларга да, машыктыруучуларга да жана Улуттук олимпиадалык комитеттин жетекчилигине да бир катар жүйөлүү сындар айтылган. Бирок ал сындардан жыйынтык чыгабы?
25-ноябрда Шаршенбек Абдыкеримов кайрадан Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды. Комитеттен кабарлашкандай, ачык добуш берилип, жыйынтыгында бир добуштан Шаршенбек Абдыкеримов экинчи мөөнөткө шайланды. Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөлөрүнүн саны 45ти түзөт. Алар олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча федерациялардын президенттери, спорт уюмдарынын башчылары жана чыгаан спортчулар. Сындардан, бир да медалсыз жыйынтыктан эч кандай сабак алынбаганы Шаршенбек Абдыкеримовдун кайра шайланганына алып келди. Эскерте кетсек, Шаршенбек Абдыкеримов - өлкөдөгү алкоголдук ичимдиктерди өндүрүп саткан ири компаниянын негиздөөчүсү. Буга катар ал эң абройлуу делген дүйнөлүк спорттук мелдешке биздин өлкөнү баштап барчу адам болуп шайланды. Спорт жана алкоголдук ичимдиктер келишпес эки жээк экенин эске алсак, кызык жагдай жаралат. Дегеле, жакшы жыйынтык көрсөтө албаган жетекчини кайра шайлап алуу канчалык жөндүү эле? Улуттук Олимпиада комитетинин 45 мүчөсү кандай логикага таянып Шаршенбек Абдыкеримовду бир добуштан шайлап алды? Ушул эле жетекчилик менен эми Токио Олимпиадасынан жыйынтык чыгара алышабы? Айтор, ушундай суроолор көп...
Ак-Талаа районунун Куртка айылында белгисиз адамдар 8 эшекти уурдап барып союп, терисин сыйрып, этин суу жээгине таштап кетишкен. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирген. Эшектерди союп, терисин сыйрып алмай окуялары 2014-жылдан тарта уланып келе жатат. Эшектин этин жана терисин кытай улутундагы адамдар пайдаланышары, ошондой эле Кытайга сатылары азыр жашыруун болбой калды. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, Кыргыз өлкөсүндө легалдуу иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдүн 80 пайызга чукулун дал ушул Кытайдын жарандары түзүшөт. Башкача айтканда, 11 миңге чукул кытай Кыргыз жеринде мыйзамдуу иштеп жүрөт. Базарларда соодагерлик кылуу, жол салуу, электр чубалгыларын тартуу, нефтини кайра иштетүү, кен иштетүү тармактарында иштеп, Кыргыз мамлекетинин булуң-бурчтарында жүргөн кытайлардын көбөйүшү жер-жерлерде эшектердин союлуп, эти талаа-түзгө, суу жээктерине ташталышын да көбөйткөндөй.
Маалыматтарга ылайык, Кыргыз өлкөсүнөн мыйзамдуу түрдө эшектерди Кытайга экспорттогон ишканалар бар. Кытай мамлекети биздин өлкөдөн эле эмес, башка мамлекеттерден да эшек сатып алат. Муну Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов Жогорку Кеңеште билдирген. Айтпаса да белгилүү, ар кайсы жерге, суу жээктерине ташталган эшектин чийки эти ар кандай оорулардын очогуна айланышы мүмкүн. Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын камырабастыгы ошол жугуштуу ооруну күтүп тургандай элес калтырат. Экспорттоого уруксат берилген соң, эшектерди коопсуз жайда союуга да уруксат берүү зарылчылыгы келип чыкты...
Бишкектеги “Дордой” базарынын бастырмалары кулап жаткандыгы тууралуу окурмандар SUPER.KG порталына билдиришти. Буга чейин “Дордой” базарында соода кылгандар айрым жердеги бастырмалар кулап калуу коркунучунда экенин кулак кагыш кылышкан. Бирок андай эскертүүлөр кулак сыртынан кеткени бүгүнкү окуяларда көрүнүп турат. Бул кабар базарлардагы коопсуздуктун жоктугун дагы бир ирет айгинеледи. Базарлардагы баш аламандык, унаа тыгындары, өрт коопсуздугунун сакталбагандыгы бир күнү өзүбүзгө муш болуп тийиши толук мүмкүн. Мисалга айтсак, учурда өрт чыга турган болсо, өрт өчүрүүчү унаанын оттун очогуна жетүүсү чоң көйгөй жаратат. Буга чейин базарларда чыккан өрт бул көйгөйдү оркойто көрсөткөн. 20-21-ноябрь күндөрү Бишкектеги "Азамат" унаа базарында да бастырмалар кулап түшүп, сатыкка коюлган унааларды басып калган. Бактыга жараша, адамдар жабыркаган эмес. Бирок базарларга көптөгөн адамдар барарын эске алып, базар ээлери коопсуздук чараларын күчөтүүсү керек. Же сөзсүз эле адам өлүмү акыркы эскертүү болуш керекпи?..