Мындан 146 жыл мурун орус элинин улуу географы, генерал-майор, Петербург Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү Николай Пржевальский Борбордук Азияга саякатын баштаган. Ал 1839-жылы Орусиянын Смоленск губерниясындагы Кимборов кыштагында туулган.
1867-1869-жылдары Уссури аймагына, 1870-1885-жылдары Борбордук Азияга 4 жолу саякат жасаган. Николай Пржевальский Кытайдын батышындагы Лобнор көлүн изилдеген жана этнографиялык маалыматтарды чогулткан. Ал эми 1885-жылы Тибетке жасаган экинчи саякатынан Кыргыз өлкөсүнүн аймагы аркылуу кайткан. 1888-жылы күзүндө Борбордук Азияга 5-жолу саякатка бара жатып, жолдо келте оорусунун айынан каза болгон. Сөөгү Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарынын жанына, көлдүн боюна коюлган. Ал эми 1889-жылы анын ысымы Каракол шаарына берилген.
29-ноябрга карата жылнаама.