Орусиянын Екатеринбург шаарында "жаңы төрөлгөн кызын унитаздагы сууга чөктүрүүгө аракет кылган" делген кыз Кыргыз өлкөсүнө 25-ноябрда саат 02:40та кайткан. Бул тууралуу Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы Камчы Каримов SUPER.KG порталына кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары 23-октябрь күнү саат 16:00 чамасында Екатеринбургдагы соода борборлорунун биринде 22 жаштагы Кыргыз өлкөсүнүн жараны төрөп, жаңы төрөлгөн кызын унитаздагы сууга чөктүрүүгө аракет кылганын жазышкан.
Камчы Каримов төрөгөн кыз ымыркайын чөктүрүүгө аракет кылбаганын айтты.
"Окуя андай болгон эмес. Ал кыз Орусияга август айында окуганы келген. Бош күндөрү көп болгондуктан, жумуш табууну көздөгөн. Окуя ал кыз соода борборуна жумуш табууга барганда болгон. Консулдун өкүлдөрү менен кошо төрөт үйүнө барганбыз. Ошондо баары кандай болгонун уктук. Ал баласын чөктүрүүнү ойлогон эмес. Төрөт үйүнөн диаспоранын мүчөсүнүн үйүнө чыгарып кеткенбиз. Балага төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилип, тиешелүү документтери жасалган соң мекенибизге учуп кетти. Ал жактан сиңдиси тосуп алды", - деди Каримов.