Турсунбай Бакир уулу КРнын Бильярд федерациясынын президенти болуп шайланды

ЖКдагы “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу КРнын Бильярд федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу депутат бүгүн, 22-апрелде өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Бакир уулу билдиргендей, ал 20-апрель күнү КРнын Бильярд федерациянын кеңеш жыйынына катышып, анда президиумдун курамына тандалып, андан соң кеңештин 17 мүчөсүнүн тандоосу менен аталган федерациянын президенти болуп шайланган. "Президиумдун бардык мүчөлөрүнө жана өздөрүнүн талапкерлигин алып салышып мени колдогон К.Сагынбаев, И.Жакыпбаев жана К.Темирбаевге ыраазычылык билдирем”,- дейт Бакир уулу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан