"Кыргызстан-Өзбекстан чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жабык эшик артында өткөрүү керек". Мындай сунушту бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. “Аталган маселе тар чөйрөдө каралышы керек. Себеби чек ара тууралуу туура эмес маалыматтар кетип калган учурлар болгон. Бул өтө маанилүү маселе”,- деди ал. Депутаттар аталган сунушту колдоого алышты.