ЖЫЛНААМА, 29-НОЯБРЬ: Журналист Абды Сатаров 65 жашка толду

Бүгүн, 29-ноябрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы, эркин журналист Абды Сатаров 65 жашка толду. Ал Ош облусуна караштуу Алай районундагы Согонду айылында туулган.

Абды Сатаров 1993-1997-жылдары Ош облустук телекомпаниясынын жетекчиси болуп эмгектенген. 2000-2003-жылдары КООРТ телеканалында башкы редактор, 2003-2005-жылдары "Internews Network" уюмунда "Мейкин Азия" программасынын редактору жана алып баруучусу, 2005-жылы УТРКнын "Ала-Тоо" программасынын башкы редактору болуп иштеген. Ал эми 2013-жылдын ноябрь айынан тарта 2016-жылдын июнь айына чейин КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Учурда Абды Сатаров Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окутуучу жана КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенет.

29-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан