Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 28-ноябрдагы жыйынында Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаментинин ишин иликтеген жумушчу топтун маалыматы угулду.
Депутат Наталья Никитенко дары саясаты жаатындагы көйгөйдү убагында экс-депутат Ширин Айтматова көтөрүп чыгып, бирок майнап чыкпаганын, фармацевтика тармагында маселе бар экенин билдирди. Депутат "Бактамед" дарысы Европа өлкөлөрүнүн биринде жасалганы менен, ошол өлкөнүн өзүндө колдонулбай турганын айтты. “Үчүнчү бир өлкөгө экспорттолгон бул дары Кыргыз Республикасын сыноо аянтчасына айлантып жатканы абдан өкүнүчтүү жана өтө коркунучтуу. Анткени аталган дарыны көптөгөн европалык мамлекеттер колдонуудан баш тартышкан. Ал эми бизде аны колдонгон 37 жаш баланын 20сы ден соолугунан оор зыян тартканы белгилүү”,- деди Никитенко.
Депутат Жанар Акаев ооруканаларда жайгашкан дарыканаларда дары-дармек көчөдөгү дарыканалардан кымбат сатыларын сындады. Жыйынтыгында комитет чечимине департамент башчысы Рустам Курмановдун кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо пункту киргизилип, жумушчу топ жыйнаган маалыматтар Башкы прокуратурага жиберилди.