Бишкекте бүгүн, 29-ноябрда Аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы күрөшүү күнүнө карата семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө Балдардын укугун коргоочулар лигасынын адистери катышуучуларга атайын түшүндүрмөлөрдү беришти.
"Жаш балдар ата-энелердин мээримдүү болушун тилешет. Балдар үйдөгү чыр-чатактарды, орой мамилени жактырышпайт", - деп билдирди Балдардын укугун коргоочулар лигасынын адиси Наргиза Конушалиева.
Өлкөдө 20 пайыз кыздар өзүнүн макулдугу жок ала качууга туш болушары белгилүү болду. Ала качуунун көпчүлүгү айыл жерлеринде орун алат. Өлкөнүн айылдарында шаарларга караганда ала качуу 2 эсе көп катталат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылы 9 айда өлкөдө 67 бала ар кандай зордук-зомбулукка кабылган.
"Менин сиңдим өзүбүздүн жакындарыбыздан эле жабыркаган. Бир канча убактан бери сиңдимди агабыздын 32 жаштагы баласы зордуктап жүрүптүр. Ал учурда сиңдим 12 жашта болчу. Бүгүнкү күндө зордук көрсөткөн атамдын агасынын баласы менен күрөшүп жатабыз. Азыркы учурда сотторго да ишенбей калдым. Соттук отурумдар ушул күнгө чейин 16 жолу жылдырылды. Арадан бир жыл убакыт өттү", - деди Рахима Айкынбаева.