Москвада КМШ өлкөлөрүнүн аба чабуулунан коргонуу маселеси талкууланат

Кыргыз Республикасынын аскердик делегациясы 30-ноябрда Москвада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Коргоо министрлери кеңешинин жыйынына катышат. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын билдиришинче, жыйында аба чабуулунан коргонуу, аскер кадрларын даярдоо, кеңештин 2017-жылкы ишинин планын аныктоо жаатында сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле 2017-жылы Кыргыз Республикасында II Аскердик-спорттук оюндарды өткөрүү маселеси каралат.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев жетектеген делегация бүгүн Москвага учуп кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан