"Тендердик комиссиянын туура эмес иштегенинен улам жакшы иштеп жаткан Темир Сариевди премьер-министрликтен кетирип салдык", - деди бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда "Бир бол" фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев.
Анын айтымында, Т.Сариевге "Балыкчы-Корумду жолунун курулушун бюджеттен өткөрбөй койгон" деген доомат коюлган. "Бирок баары бир кийинки өкмөт бюджеттен өткөрдү да. Чындыгында, Темир Сариевдин күнөөсү жок болчу. Аны жөн эле жерден жумуштан алып салдык", - деди Жумалиев.
Эскерте кетсек, Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу 2015-жылы Темир Сариев премьер-министр кызматында иштеп жатканда анын демилгеси менен башталган. Бул жолду салуу Ысык-Көл облусунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана туристтик потенциалын көтөрүүгө багытталган. 2016-жылдын 11-апрелинде өкмөттүн жыйынында Темир Сариев премьер-министр кызматынан кетерин жарыялаган. Мындай чечимге келгенин өлкөдөгү "саясий климаттын" өзгөргөнү менен түшүндүргөн.