ЖЫЛНААМА, 29-НОЯБРЬ: 75 жыл мурун, "Советтер Союзунун Баатыры" наамын алган алгачкы аял Зоя Космодемьянская немистер тарабынан өлтүрүлгөн

Мындан 75 жыл мурун, 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушта аялдар арасында алгачкы жолу "Советтер Союзунун Баатыры" наамын алган партизан Зоя Космодемьянская Орусиянын Москва шаарындагы Петрищево айылында немистер тарабынан өлтүрүлгөн.

Зоя Космодемьянская 1923-жылы 13-сентябрда Тамбов облусунда төрөлгөн. Ал Батыш фронтунун диверсиялык-чалгындоо тобунда кызмат кылган.

1941-жылы ноябрь айында З.Космодемьянскаяга жана анын диверсиялык тобуна бир жуманын ичинде немистер жашаган 10 калк жашоочу пунктту өрттөп салуу тапшырмасы берилген. Бирок аталган топ Головково айылында немистердин атуусуна кабылып, жоготууларга дуушар болгон. Ал эми З.Космодемьянская немистердин тылына түшүп, өлтүрүлгөн.

З.Космодемьянская Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлердин эрдигинин белгиси болуп калган. Анын образы адабий чыгармаларда, публицистикада, кинематографияда, живописте, монументалдык искусстводо жана музей экспозицияларында чагылдырылган.
29-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан