Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин "кыргызстандык мигранттар Москвага көйгөй жаратышууда" деген сөзү Орусиядагы мекендештердин абалы кыйындашы мүмкүн экенинен кабар берет. Шаар башчысы Кыргыз Республикасынан барган жарандар мыйзамсыз иштеп жатышканын, бул кырдаалды жөндөө аракети жүрүп жатканын билдирди.
Москва бийлигинин бул жолку "мыйзамдаштыруу" аракети кантип аяктаары, мигранттарга кошумча кандай талап коюлары азырынча белгисиз. Орусия полициясы тарабынан текшерүүлөр күчөп, жазалар катуулашы күтүлөт. Бул жагдай Москвада иштеп жүргөн мекендештерибизди тынчсыздантат. Анткени Москваны тазалоо аракетине мыйзамсыз жүргөнү да, эч кандай эреже бузбай түз жүргөнү да илинип калышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жатканда Орусия менен Казакстанда иштеген жарандарыбыздын түйшүгү жеңилдей турганы айтылган. Ал жеңилдиктер Орусияга кирген Кыргыз Республикасынын жарандарын 30 күндүн ичинде каттоого туруу, орус тилинен, тарыхтан жана укуктан сынак тапшыруу, жумушка орношууда патент алуу милдетинен бошотуу жана башкалар болчу. Бирок аталган өлкөдө иштеген жарандарыбыз ЕАЭБдин жеңилдиктери укмуш сезилбегенин, талаптар күчтүү бойдон калып жатканын айтып келишет.
Мындан 5 күн мурун Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко мигранттарга түзүлгөн шарттар жакшырып баратканын Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушууда айткан. Шарттар канчалык жакшырганын же жылыш болбогонун Орусияда жашап иштегендер жакшы билишет.
Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда Кыргыз Республикасынын 1 миллионго жакын жараны эмгектенет. Алар соңку мезгилде өлкөгө жылына 1-1,5 миллиард доллардын тегерегинде акча которууда.