Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Жаныбек Абировдун кесиби юрист. Борборубуздун мыйзам чыгаруу органына келүүчү партиянын жаңы курамы шаардын курулушуна жана жер пайдалануу тартибине өзгөчө көңүл бөлүшү керек деп эсептейт. Ал мыкты билим алып, АКШда тажрыйба топтогон. «Жаңыча көз караштагы жана жигердүү жаш депутаттарга бүгүн БШК муктаж», - дейт Абиров.
- 26-чакырылыштагы БШК жер пайдалануу жана имараттарды куруу жаатында мыйзамдын иштеп кетишине олуттуу кадам жасады. Алсак, СДПК көтөргөн демилге боюнча дээрлик 100% мектептер менен бала бакчалардын жер аянттарына жана 800 балдар ойноочу аянтчаларга ээлигин тастыктаган Кызыл китепке ээ болушу мага өзгөчө жакты. Бирок бул маселенин башталышы гана, анткени шаар ээлик кылган жер аянттарынын эсеп-чоту ушул кезге чейин толук алынып бүтө элек. Демек, кандай ресурстары бар экенине мэрия өзү да толук түшүнө албай турат. Ошондуктан Бишкектин борбордук бөлүгүн толук пландаштыруу боюнча максатты мүмкүн болушунча тездетүү зарыл. Буга каражат бөлүнгөн, эми жеткире иштөө жагы калды.
Ал эми мыйзамды бузгандар боюнча айтсам, аларды ачык эле жазалап баштоо зарыл. Эгер биз мыйзамсыз курулган имаратты бүгүн түрттүрүп баштабасак, эгер мыйзам бузгандар мыйзамды айланып өтүүгө болбой турганына ишенбесе, мындан эч майнап чыкпайт. Албетте, мындай мыйзамсыз курулуштарды бузууну шаар бийлиги соттордун чечиминин негизинде гана аткара алгандыктан, юрист катары пайдам тиерине ишенем.
Мени ойго салган дагы бир маанилүү маселе – сергек жана активдүү жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Албетте, жакында «Дельфиндин» иштеп баштаганы жана башка объектилердин кайрадан кайтарылып жатканы кубандырат. Ошентсе да кол жеткидей жерде спорттук курулуштарды эстен чыгарбоо керек. Бул – балдардын спорт аянтчалары, көчөлөргө орнотулган тренажёрлор. Спорттук мындай инфратүзүмдөрдү калыптандырууда шаар бийлиги активдүү болууга тийиш.
28 жашка келдим, үч балалуу болдум жана өзүмө жаккан жумушум бар. Эми жанымдай жакшы көргөн шаарым Бишкек үчүн да бир пайдалуу иш жасоону милдетим катары түшүнөм. Анан калса бийликтин кандай иштеп жатканын ичинен билүү мага абдан кызык, бирок кандай болгон күндө да, баарынан натыйжасы маанилүү. Азыр шаарыбыз мен сыяктуу юрист, менеджер жаштардын энергиясына да, жаңыча көз караштарына да муктаж деп ишенем. Дүйнөлүк тажрыйбадан кабары бар жаштар салттуу колдонулуп келген ыкмалардан алда канча эффективдүү жаңы чечимдерди сунуштайт.
Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 29-ноябрь.