Дарактардан түшкөн жалбырактарды тийиштүү эмес жерде өрттөө боюнча айып пул салуу зарыл. Мындай сунушун бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Болотбек Ибраимжанов билдирди.
Жыйында Бузуулар жөнүндө кодекстин долбоору 2-окууда каралууда. Депутаттын айтымында, аталган кодекске анын сунушун киргизүү керек. "Жерге түшкөн жалбырактардан тышкары чөптү да тийиштүү эмес жайларда өрттөгөн жарандарды административдик жоопкерчиликке тартуу зарыл, анткени өрттөн чыккан түтүн адамдын ден соолугуна зыян", - деп түшүндүрдү депутат.
Аталган кодекстин долбоорунун демилгечилери жооп бергендей, депутаттын сунушу долбоорго кирген эмес. Алар кийинки окууга чейин анын сунушун эске аларын убадалашты.