Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тоноочулукка шектелген жаран кармалды. Ал Токмок шаарынын 33 жаштагы тургуну Т.Т. экени аныкталган.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында болгон. Анда 47 жаштагы А.Б. менен 33 жаштагы Т.Т. спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен. Натыйжада Т.Т. жанындагы шеригин айнек бөтөлкө менен башка чаап, 12 миң сомун алып качып кеткен.
"Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми факт боюнча кылмыш иши козголгон", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.