Дастан Бекешев депутаттардын Ак үйдө каалаган жерде тамеки чеккенине нааразы болуп, "спикерге айтам" деди

"Ак үйгө келгендер жана депутаттар каалаган жерде тамеки чегишет, дааратканага кирсең тамеки жыттанып чыгасың", - деп бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, ал бул маселе менен спикерге сөзсүз түрдө кайрылат.

Отурумда тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоого, кальян тартуу аркылуу пайдаланылган тамекиси жок аралашмаларды колдонууну кыскартууга багытталган мыйзам долбоору 1-окууда каралууда.

"Бүгүнкү күндө бир куту тамекини дүкөндөн 25 сомго сатып алса болот. Эң төмөнкү бааны 40-50 сом кылуу керек. Ошондо өспүрүмдөргө тамеки сатып алуу кыйыныраак болот жана бюджетке көбүрөөк киреше түшөт. Мындан тышкары коомдук тамактануучу жайларда тамеки чегүүгө атайын жайларды бөлүү зарыл. Учурда тиешелүү мыйзам бар, бирок ал чийки жазылгандыктан, кафелердин ээлери аны сактабай жатышат", - деди депутат.

Талкууда депутат Экмат Байпакбаев тамеки чегүүгө атайын жайды бөлүүнү Ак үйдөн баштоону сунуштады. Депутат Бекешев аны менен макул болуп, депутаттар тамекини каалаган жерде чегүүнү токтотууну өздөрүнөн башташы керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tulpar90
2016-11-29 15:33:35
Шашпаа сени агайга айтпасам деп коркутат эле бизди мектепте. Мектептен эч айырмасы жок биздин ак үй.
+13
Santana
2016-11-29 16:17:49
tulpar90,ии жакшы сунуш экен деп колдоого алмай жок,оң-тескери сын айтмай.Комментарий жазганды үйрөнсөк
-3
suranam
2016-11-29 16:41:34
Депутаттардан болок жанылык жокпу?Качан ачпа депутаттар! Чогултуп эле жазса болот го дейм. Азайткылачы сураныч!
+4
bond0202
2016-11-29 18:14:21
баардык проблемаларды чечип койуп эми тамеки чеккенин талкуулаганга отушконго биздин ишенген депутаттарыбыз,ийгилик силерге!
-2
bond0202
2016-11-29 18:17:07
тамекинин эн арзаны 40-50сом болгону качан,каяктагы бааны айтып жатат.
+1
bond0202
2016-11-29 18:17:16
тамекинин эн арзаны 40-50сом болгону качан,каяктагы бааны айтып жатат.
0
bond0202
2016-11-29 18:19:31
бааны которсо чекпей койот деп ким кепилдик берет экен?кайра уруулук кылып же бироолорду тоноп акча табууга отушот
+1
bakulya2015
2016-11-29 19:15:12
Эн туура,чекпеш керек зыянго ден-соолука
+1
Kroxa
2016-11-30 11:37:13
25 сомдук махорка эле болбосо тамеки 40 50 сомда арзан винстонду москвада 98руб болгону качан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан