Ошто унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош ШИИБинин кызматкерлерине 27 жаштагы У.З. аттуу тургун кайрылып, белгисиз адам үйүнүн жанында токтоп турган Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан.
"Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 36 жаштагы О.А. кармалды. Учурда ал тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.