Бишкекке дагы 50 троллейбус сатылып алынмакчы

Бишкек шаарына дагы 50 троллейбус сатылып алынмакчы. Тийиштүү макулдашууну Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 29-ноябрда жактырды. Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоорунун мөөнөтү узартылат.

Келишимге ылайык, азыркы учурда Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү долбоорунун мөөнөтү аяктоодо. Долбоорду ишке ашырууда 2012-жылдан бери 10,1 миллион евро насыя, 5,5 евро грант алынганы айтылды. 79 жаңы троллейбус, 5 атайын техника, байланыш өткөргүчү, көмөк чордондор үчүн жабдуулар сатылып алынган. Долбоорду улантуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 8,4 миллион евро алынганы жатат. Анын 1,2 миллион евросуна дагы 50 троллейбус сатылып алынмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
daniel87
2016-11-29 15:26:26
Урматтуу Бишкектиктер жана шаарыбыздын меймандары жеке маршурутка чыкпагыла окмот окмоттук жол транспортторду кобойтсун! кичине болсо да Олкобуздун онугуусуно салым кошолу !жеке менчик маршуруттук таксилерди жок кылыш керек жолдун баарын ээлейт каалаган жерине токтоп норма эрежелерди сактабайт
+10
tulpar90
2016-11-29 16:35:50
daniel87,эң туура сунуш колдоо керек.
+2
sagyndym90
2016-11-29 15:42:44
Автобус,троллейбустар коп болсо эле эч ким маршруткага чыкпайт кээ бир автобус троллейбустарды жарым саат кутосун.Бирок маршрутка айдаган кишилер да ак эмгеги м уй булосун багып жататда маршруткага элдер чыкпаса алар жумушсуз калат.
+7
sagyndym90
2016-11-29 15:44:02
Окмоттук жол транспорттору деле эреже бузуп жатышат каалаган жерге токтоп.
0
nargis
2016-11-29 15:50:14
Карыз алып эле жатышат деги толодук деген цифра барбы ,ким жооп билет.?
+2
Uson13
2016-11-29 16:08:10
Башка малекеттер тралейбустарды жоготуп жатса биз сатып алабызбы андан көрө автобус алсаңар болмок
0
tulpar90
2016-11-29 16:37:50
Сатып алуу бул кээ бир адамдарга гана пайда болот экен. Ошол акчанын жарымын кымтып калуу. Сатылып алынганы жакшы эл үчүн,
+1
bakulya2015
2016-11-29 19:17:10
Сатып алып элге жакшылык кылып жатышкандыр бирок,карызга алышпаса экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан