Депутат Азамат Арапбаев Кыргыз жергесине Евразиялык экономикалык биримдигине кирбеген мамлекеттерден этти экспорттоого чектөө киргизүүнү сунуштады. Мындай сунушун ал бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, аталган комитет өкмөткө тиешелүү тапшырманы бериш керек, же болбосо тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап чыгуу зарыл. "Өлкөбүзгө Индия, Украина, Кытай сыяктуу мамлекеттерден тооктун, уйдун эттери импорттолууда. Эгер бул өлкөлөрдөн этти киргизүүгө тыюу салсак, биздин дыйкандарга жакшы колдоо көрсөтмөкпүз. Биздин өндүрүүчүлөрдүн иши канчалык жакшы болсо, жарандарыбыздын жашоосу оңолот жана социалдык жарылуу мүмкүнчүлүгү азаят", - деп түшүндүрдү Арапбаев.
Комитеттин мүчөлөрү депутаттын сунушу ата мекендик дыйкандарды колдоого багытталганын айтып, демилгесин "патриоттук" деп баалашты. Жыйынтыгында комитеттин төрагасынын орун басары Абдумажит Юсуров комитеттин аппаратына тиешелүү долбоорду даярдоо боюнча протоколдук тапшырма берди.