Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 29-ноябрда жашы жете электерге энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун жактырды. Демилгечилердин айтымында, талапты аткарбаган сатуучуларга административдик айып салынат. Долбоордо энергетикалык ичимдиктерди жарнамалоого да тыюу салуучу норма сунушталууда.
Белгилей кетсек, өлкөдө энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салуу сунушу 2014-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан көтөрүлүп, бирок демилге аягына чыкпай калган.