ЖЫЛНААМА, 29-НОЯБРЬ: 191 жыл мурун, антидепрессант-душту ойлоп тапкан франциялык дарыгер-психиатр Жан-Мартен Шарко төрөлгөн

191 жыл мурун, "Шарко" антидепрессант-душун ойлоп тапкан франциялык дарыгер-психиатр, неврология оорулары боюнча белгилүү адис Жан-Мартен Шарко Парижде төрөлгөн.

Ж.Шарко университетти аяктаган соң ички ооруларды - кургак учук, полиомиелит, пневмония, кызыл жүгүрүк илдеттерин, алардын бири-бири менен болгон байланышын өздөштүргөн. Андан соң нерв ооруларын терең изилдей баштаган. Психиатрия жаатындагы өзүнүн изилдөөлөрүн көбүнчө гипноздун жардамы менен жасаган. Ошондой эле Париж университетинде биринчилерден болуп психиатрия кафедрасын негиздеген. Окумуштуу истерия оору эмес экенин далилдеп, психология менен физиология илиминин ортосундагы байланышты аныктаган. Ж.Шарко белгилүү австриялык психоаналитик Зигмунд Фрейддин устаты болуп эсептелет.

Дарыгер бир нече метр алыстыктан бейтаптарына сууну күч менен чачыратып, мындай жол менен массаж жасаган. 15 мүнөткө созулган бул процедура кан айланууну жакшыртып, чарчоону кетирип, ашыкча салмактан арылткан. Бүгүнкү күндө Шарконун душу дүйнөдөгү бардык санаторийлерде колдонулуп келет.

Ал 1893-жылы 16-августта 67 жашында Франциянын Морван аймагында көз жумган.

29-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altynka95
2016-11-29 20:07:45
1825жыл мурунбу?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан