Рамзан Кадыров орусиялык белгилүү спортчу Фёдор Емельяненконун дарегине сын айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлайт.
"Фёдор учурда Орусиянын ММА Кеңешин (Эрежесиз мушташ боюнча уюм) жетектеп жатат. Бирок бул уюм профессионалдык клубдар менен иш алып барбайт. Эмнеге ал биздин клубда орун алган мушташтарга баа берип жатат? Комментарий жазуу менен ал социалдык тармактарга менин кичүү уулумдун сүрөтүн жайгаштырып коюптур. Эл аны окуп, менин балдарымдын дарегине сын айта баштаган", - дейт Чеченстандын президенти.
Кошумчалай кетсек, эки тараптын ортосундагы пикир келишпестик Фёдордун сөздөрүнөн кийин башталган. Ал Рамзан Кадыровдун 10 жашка чыга элек уулдарынын 8 бурчтукка кирип, мушташ өткөрүп жатканы туура эмес экенин айткан. Ал эми Рамзан Кадыров жооп катары бул жөн гана көрсөтмө беттештер экенин айткан.
Эки тарап айтышып жаткан кезде Фёдордун кызына кол салуу болгон. Бул көрүнүштү Кадыров караңгылык катары баалап, кызга кол салгандар мыйзам чегинде жаза алуусу керектигин айткан.
Көп өтпөй орусиялык басылмалар дагестандык мушкер Хабиб Нурмагомедовго шилтеме берүү менен эки тарап элдешкенин жазышкан.