2016-жылдын 27-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Таран-Базар айылы аркылуу өткөн Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун четинде белгисиз аялдын жансыз денеси табылганы айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 26 жаштагы А.Д. экенин аныкташкан.
"Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган И.А. кармалган. Ал Жалал-Абад шаарында таксист болуп иштечү. Анын айтымында, 27-ноябрга караган түнү унаасына бир кыз отуруп, Спутник шаарчасына жеткирип коюуну суранган. Кийин экөө спирт ичимдигин ичишип, жыныстык катнашка барышкан. Мындан улам кыз чыр чыгарып, ага жини келген таксист катуу сабап, өлтүрүп алган. Андан соң кылмышын жашыруу үчүн талаага таштап кетип калган", - деп айтылат Жалал-Абад ОИИБинин маалыматында.