Сокулук районунун Комсомол айылында суу түтүгү эртең атайын суу чарба кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда SUPER.KG порталына Фрунзе айыл аймагынын башчысы Арфел Кушчубаев билдирди.
"Комсомол айылынын эли скважинадан суу ичет. Бизде атайын суу сактагыч жок. Түшкөн маалымат боюнча, эртең атайын суу чарба кызматкерлери, айыл өкмөттүн тийиштүү кызматкерлери барып текшерүүгө алышат. Акыркы убакта суу түтүктөрү күн сайын жарылып, кызматкерлерди убара кылууда, анткени түтүктөр 1960-жылдары тартылган. Эскилиги жетип калды", - деп билдирди айыл аймак башчысы.
Маалыматка ылайык, Комсомол айылында 700гө жакын кожолук эл жашайт.
Эске салсак, окурман бүгүн, 29-ноябрда "Элдик кабарга" суу түтүгүнөн суу менен кошо чымчыктын жүндөрү, ыплас нерселер чыгып жатканын билдирген.