Ошто кичинекей кызды башкага тиешелүү күбөлүк менен Москвага алып кетүүгө аракет кылган аял кармалды

Ошто кичинекей кызды башкага тиешелүү күбөлүк менен Москвага алып кетүүгө аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан бидиришти.

"Бүгүн Ош-Москва багыты боюнча №2948-рейсти каттоо учурунда чек арачылар тарабынан 1964-жылы туулган И.У. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган. Ал кичинекей кызды башкага тиешелүү туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен алып өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kanatt
2016-11-29 18:34:04
Баары эле тууган туушкандардын документи менен журушот.Дагы бир бечара мигрантты сындырайын дешкенго.
+15
taalay25
2016-11-30 03:29:58
kanatt,териштирип корот да. Сиздин жуйоонуз да жондуу. Мындай окуяга мен коп эле кубо болуп журом. 2002-жылы автобус менен Озбекстан, Казакстан,Тажикстан чек арасын кесип оттук. БИР улгайып калган аял менен ак сакал киши бар эле бироосу мени менен чогуу отуруп келди. Экоо тен бир тууганынын паспорттору менен келе аиыптыр. Кызыгы келе аткан абышка озунун козу отуп кеткен бир тууган агасынын паспорту менен келе атыптыр. Эч ким шек деле санаган жок кармаган да жок.
-1
Eleko
2016-11-30 08:15:03
taalay25,келе аткан деген эмне деген соз?Келе жаткан же келаткан деп эле жазсанар башты айлантпай
-1
meni_kut
2016-11-29 19:04:59
Тууган туушканынкы болсо мейли уурдап кетиши да мумкун,ошондуктан чара колдонулат
+6
Azizbek.kg8
2016-11-29 21:17:09
Эн туура кылат
0
aminkaerke
2016-11-30 00:26:07
Эми ар кандай версиялар бар...Эми аны оздору текшерип чечишет да кандай максатта алып кетип жатканын
0
killer5
2016-11-30 04:04:41
Экономия на билатах, эки жашка чейин 90% скидка на авия
0
zarlyk2211
2016-11-30 04:23:16
Туура кылышат кармап мыйзам ишитеш керек. Баары мыйзам чегинде болуш керек.
+2
Kroxa
2016-11-30 11:43:13
Куболук менен суроту жок да алып отом десе керек бирок кантип...
0
meni_kut
2016-11-30 11:59:58
Kroxa,ата энесинин аты жазылат
0
Kroxa
2016-11-30 20:20:42
meni_kut,ата энесин сурап атамбы?билем жазылаарын,,куболукто сурот жок ата энесинен доверенность болсо кете берет да,,кантип камалды деген ойдо жазгам...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан