Бишкекте медицина кызматкерлери 6 күндүк жумуш тартибине өтүштү

Бишкекте медицина кызматкерлери 6 күндүк жумуш тартибине өтүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 30-ноябрда билдирди.

"Курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясы күч алып, "Тез жардам" кызматына кайрылгандар көбөйгөндүктөн, кээ бир медициналык мекемелер 6 күндүк жумуш тартибине өтүштү. Саламаттыкты сактоо департаменти №1-№19-Үй-бүлөлүк дарылоо борборлорунун башчыларына дарыгерлер жумасына 6 күн иштеши керектиги тууралуу буйругун таратып, жекшемби күнү да саат 9:00дөн 15:00гө чейин кезметчилердин дайындалышын буюрган", - деп айтылат маалыматта.

Буйрук курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясынын эпидемиологиялык мезгили бүткүчө күчүндө болот. Мындай чара медициналык жардам убагында көрсөтүлүшү үчүн каралган.
Эскерте кетсек, өз убагында жардам берүүгө ресурстар жетишсиз экени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
koshnazar
2016-11-30 09:38:04
Врачтар жыл бою ушинтип алты кун иштесе жакшы болмок. Жумакуну саат 11 ден кийин барып тапай калабыз айрыкча детский врачтарды
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан