Ак-Талаа районунда күйүп кеткен мектептин ордуна 275 орундуу жаңы мектеп курулду

Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында 275 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG порталына Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Абдымалик Сулайманов билдирди.

"Бул айылда Советтер Союзу учурунда да мектеп салынган эмес. 2015-жылдын апрель айында курулуш иштери башталган. Декабрь айында ачылыш аземин өткөрүп, балдарды жаңы мектепке киргизебиз. Буга чейин мектеп катары пайдаланылган имарат күйүп кеткен эле. Жаңы имарат 58 миллион сомго курулду", - деди Сулайманов.

Маалыматка ылайык, учурда эски мектепте 500гө жакын окуучу окуйт. Курулуш иштери "Жер-Үй" алтын кенинин эсебинен курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azamat_15
2016-11-30 13:58:45
Актал эмес Куртка айылы
0
zevs
2016-11-30 22:32:07
Jer uydu da uwintip aldanip oturup arzan satip jep tugotkulo emi erten altin tugonso emne bolot al menen ech kimdin ishi jok altin barda ekonomikani kichine jogorulatip alsak jakwy bolmok biz bolso altin kop kazgan sayin ekonomikabiz artka ketet. Jok degende altindan unomdon karizdin kichine bir bolugun tolop koygulachi erten menin neberem kitaylarga kul bolup kalbasin.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан