ЭЛДИК ВИДЕО: Орусиянын президенти Владимир Путинди, алып баруучу Максим Галкинди таң калтырган 5 жаштагы бала

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "5 жаштагы бала географияны мыкты билет экен" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Chupakabra).

Видео орусиялык "Баарынан мыкты" көрсөтүүсүнүн кезектеги коногу Тимофей Цой тууралуу. Анда алып баруучу Максим Галкин балага дүйнөлүк география боюнча даярдалган суроолорду узатат. Ар бир суроого туура жооп берип, сүрөттө көрсөтүлгөн түрдүү желектердин кайсы өлкөгө таандык экенин, борбор калаасын так айтып кирет. Муну көргөн Галкин "сен мага караганда акылдуу экенсиң" деп жылмаят.

Ошондой эле өткөн жумада Кремлде "Орус география коомун" сыйлоо аземи өткөн. Анда Цой президент Владимир Путиндин колунан сыйлык алып жатып, анын да берген суроолоруна так жооп берүү менен Путинди таң калтырганы айтылат.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Keremet008
2016-11-30 10:04:56
Биз кичине эле акчалуу болсок кыйынсыйбыз. Балдарга туура тарбия, билим жаатында кызыктыргандын чекесин да билбейбиз. Анан оолуктуруп мактанганды керсейгенди кур намыстан 1- ти бербейт биздин балдар. Дагы шумдук балдар бар аларды коруп тан каласын.
+7
chinara88
2016-11-30 10:15:34
бизде да мындан да кучтуу балдар бар бирок бизде просто колдогон Адам жок
0
sher.ella
2016-11-30 10:51:43
Кыргызстан да канча облус бар деп сурап коргулочу эмне дейт
+2
Medina87
2016-11-30 10:54:38
Болоор бала б...н дегендей балада кабыл алуу жондому жакшы калыптаныптыр. Албетте ата-энесинин да салымы зор бул жерде.
Кичинекей ВУНДЕРКИНД.
+2
Beksultan-007
2016-11-30 11:37:05
Путиндин сыйлык бергени жокко
+2
bom.bon
2016-12-01 16:21:12
Beksultan-007,Аны менен корушуп суйлошуунун озу сыйлыкта)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан