КРнын Салык кызматы 10 айлык планды 100 пайызга аткарганы маалым болду
КРнын Мамлекеттик салык кызматы 2012-жылдын 10 айында салыктар жана төлөмдөрдөн 28 миллиард 150,9 миллион сом жыйнаган. Салык кызматы бул аралыкта 28 миллиард 66,3 миллион сом жыйноону пландаган. Бул план 100,3 пайызга аткарылып, алдын ала болжолдогондон 84,6 миллион сомго көп каражат чогулганын билдирет аталган кызмат.