Издөөдө жүргөн "Ак толкун" мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору АКШда кармалып, Кыргыз өлкөсүнө алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, "Ак толкун" мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Бекболсун Кыдыкбаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине ири суммада зыян келтирген. Мындан улам 2015-жылдын 14-февралында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарып, ага "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.
"Ушул убакка чейин Бекболсун Кыдыкбаев чет өлкөдө жашырынып жүргөн. Ал Башкы прокуратуранын, Тышкы иштер министрлигинин жана АКШдагы атайын кызматтын жардамынын негизинде кармалып, Кыргыз Республикасына алынып келинди", - деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматы.