Аламүдүн районунда эки турак үй толугу менен күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунда 4, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Аламүдүн районунун Лебединовка айылында жыгач устундуу, шифер менен жабылган эки турак үй толугу менен күйгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан